Армения Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөттү

Армения Казакстанга 70тей аскер кызматкерин жөнөттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"Армения аскер кызматкерлерин ЖККУнун уставына ылайык жөнөттү. Алар Казакстандагы нааразычылык акциялары учурунда стратегиялык маанидеги объектилерди коргойт", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын аскер кызматкерлеринин Казакстандын Алматы шаарына жөнөп жаткан видеосу жарыяланган.

Кечээ Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылганы айтылган.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bishkek-Kg
2022-01-06 16:14:38
Жөн эле койсо болмок ушул армияндар.
+2
asad9
2022-01-06 18:22:44
Армияндардын көтүн айрыш керек. Азербайжандыкы жетпей калган го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан