Алматыда башы кесилген дагы бир полиция кызматкеринин сөөгү табылды. Каза болгондордун жалпы саны 14

Алматы шаарында дагы бир коопсуздук кызматкеринин башы жок сөөгү табылды. Бул тууралуу SHOT Telegram каналы кабарлады.

Муну менен тополоңдун натыйжасында, күч түзүмдөрүнүн арасында каза болгондордун саны 14 адамга жетти. Буга чейин Алматы шаарындагы тополоңдо 13 коопсуздук кызматкери каза болгону кабарланган. Ошол эле маалда казак бийлиги эки коопсуздук кызматкеринин башы кесилгенин ырастаган.

Учурда Алматы шаарынын тургундарына шаардагы антитеррордук операция тууралуу СМС билдирүүлөр келип түшүүдө. Жарандар үйүндө же башка коопсуз жайда болушу шарт.

Ушуга улай эле Алматыдагы эки чоң оорукананы куралчан адамдар курчоого алганы кабарланды. Алар оорукананын кире бериштерин тосуп, бейтаптарды жана дарыгерлерди киргизбей, өмүрүнө коркунуч жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Aimani
2022-01-06 16:44:30
Мыкаачы болуп кетиштиби
+6
Chagylgan7
2022-01-06 16:51:32
Жеткен тупой адамдар экен ,полицияда эмне куноо,больницада жаткандардачы?
+5
JaneEr
2022-01-06 16:51:50
Это уже не митинг,точно маньяктарго
+7
KaGaH
2022-01-06 16:55:41
Өткөргөн да элге, Казакстанда полиция менен КНБ өздөрүн кудай сезип алышкан,жөндөн жөн эч нерсе болбойт!
+6
Eka.kg
2022-01-06 16:57:20
Провакация 100%
+19
Eka.kg
2022-01-06 16:58:24
Өздөрү чагымчылдык жаратып, террористер басып кетти деп туруп, ОДКБнын аскерлерин киргизди!
+22
modem4999
2022-01-06 17:22:31
Бийликтин эле провакациясы болуш керек жонокой казак озунун бир тууганынын башын кесмек беле. Элди эмес террористерди атып атабыз деген эле шылтоо го.
+8
Bishkek-Kg
2022-01-06 17:35:34
Өлгөн аскер, милийса, жарандардын баарына Касым күнөөлүү!!!
+6
himik
2022-01-06 17:51:24
100 пайыз провокация, жөнөкөй эл мындайга барбайт! Бийлик элди терророист көрсөтүү максатында жасаган болушу мүмкүн
+11
bond02
2022-01-06 18:52:21
Саясат.
+4
Ak_Bulut
2022-01-06 19:00:31
Бийлик кылды, атайын
+5
Antiradikal10
2022-01-06 20:00:02
Мен да ойлоп жатам, Назарбаев менен Токаев колдон суурулуп бара жаткан бийлигин сактап калуу учун ушул чагымчылдык кадамга баруусу толук мумкун, башкесерлерин митингчилерге аралаштырып.......

Анткени ОДКБ аскерлерин олкого киргизип бийликти сактап калуу учун шылтоо керек эле да ушул сыяктуу...

Эгер ушул олтурулгон полициялардын артында чындап эле бийлик озу турса, анда мындай кан ичер бийликтен коркуу керек, аягына чейин курошуу керек казак эли
+2
Antiradikal10
2022-01-06 20:05:11
Баарынан да Лукашенко менен Путин тынчсызданып жатат. Казахстанда бийлик куласа, Россия менен Белоруссияда да элдик толкундоолор башталышы мумкун деп. Ошого жан дили менен аскер жонотуп жатышат, казак элин басалы деп. Казак эли оз эркиндиги, келечеги учун курошуп жатканын кормоксон, билмексен болуп.
+7
Gulina00
2022-01-06 20:17:39
Кудай сакта карапайым эл полицияны олтурбосо керек.
+5
Antiradikal10
2022-01-06 20:43:02
Бийликтин ээси эл! Президент, Окмот, депутаттардан, баарынан эл жогору!

Экинчиден ар бир адам оз келечеги учун курошууго акысы бар. Олко башына аферисттер, ууру-коррупционерлер келип элдин ырыскысын талап тоноп, эл байлыгын уурдап, элине зулумдук корсотсо, эл оз келечеги учун курошууго укуктуу да, милдеттуу да........
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан