Депутат Азамат Арапбаев “Кыргызгазды" сатпасак болбойт” дейт

Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча макулдашууну ратификациялашы керек. Болбосо Өзбекстан бизге газ берүүнү бир тараптуу токтотот. Муну ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 19-ноябрдагы көчмө жыйынында депутат Азамат Арапбаев айтты.  

Депутат Кыргызстандын энергетика тармагы күчтүү адистердин аракети менен гана кармалып турат деген ойдо. “Бүт өлкө капитализмде, жалгыз энергетика тармагы гана социализмде жашап жатат. Бул маселе саясатташып кетти. Эгер биз “Кыргызгазга” байланышкан макулдашууну ратификациялабасак, анда Өзбекстан газ берүүнү токтотот. Анан биз Бишкек ЖЭБи иштебей жатат деп күнөөлөп чыгабыз”,- дейт Арапбаев.

Эскерте кетсек, “Кыргызгазга” байланышкан макулдашуу парламенттин өткөн жыйындарында каралып, бирок көпчүлүк депутаттар андагы кемчиликтерди айтышкан. Бир катар фракциялар макулдашууну колдобоо чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан