Казакстандагы массалык башаламандыкта келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы айтылды


Казакстандагы массалык башаламандыктын кесепетинен кыйроолор, талап-тоноолор орун алды. Бүгүн, 6-январга карата митингден улам келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы айтылды.

Казак басылмалары ишкерлердин улуттук палатасына шилтеме берүү менен жазган маалыматына караганда, келтирилген зыян алдын ала 92 миллион долларды түздү.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.

5-январда абал курчуп, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasta
2022-01-06 19:13:32
92 млн бакс Казак окмотуно акча емес,алар бир кундо копайтеткен бензинди Кыргызстан бир жыл иштетет. Самый главный елине сабыр берсин. Митинк кылыщы кылдыго бирок лидери жок елди бащкарганга. Серавно убактылуу окмот керек мыйзам талаасына кируу учун.
0
Datka7777
2022-01-07 01:04:22
dasta,биринчи туура жазганды уйрончу, андай кийин алысты коргон акылман аналитик бол!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан