Алматы шаарында демонстранттарга ок атылып жатканы айтылды


Бүгүн, 6-январдын кечине карата Казакстандын Алматы шаарындагы полиция департаментинин алдындагы демонстранттарга карата ок атылды. Бул туурасында Алматы шаардык комендантына шилтеме берүү менен Телеграмдагы маалымат каналдары жазышууда.

Ошондой эле күч кызматкерлеринин унаалары калаанын көчөлөрүн аралап, демонстранттарга карата ок атылары, буга байланыштуу тургундарды көчөгө чыкпоого чакырышууда. Тагыраагы, "Кеткиле, ок атабыз!" деген чакырык жаңырууда.

Ошондой эле Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдындагы куралчан жарандар атылганын полиция билдирет деп жазышат айрым басылмалар.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек. 5-январда абал курчуп, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shbdn
2022-01-06 21:43:01
Карапайым эл аскер кызматкерлерин башын кесмек эмес.элдин арасына чындап эле куралчан террорлор бар.
0
Fernando_Torres
2022-01-06 21:56:14
Shbdn,тура Талибан булардан караганда ыймандуурак экен нак жеткен мыкачы кафурлар ушулар Талибан эмес нак ушулар фашисттер булар даярданган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан