Кыргызстанда фермер, дыйкандар 2013-жылы сугат суу үчүн 72 миллион сом төлөшкөн

Кыргызстанда фермерлер жана дыйкандар 2013-жылы сугат суу үчүн 72 миллион сом төлөшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик суу чарба департаментинин директору Эсен Жусуматов билдирди. 

“Учурда кийинки жылга карата каналдарды, арыктарды тазалап, даярдоо иштери жүрүп жатат. Бир катар суу сактагычтар суу топтоо үчүн жабылды”,- дейт Жусуматов. 

Айта кетсек, бул жылы сугат үчүн керектелген суунун көлөмү 4,5 миллиард метр кубду түзгөн. Анын 3,5 миллиард метр кубуна акы төлөнгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан