
Казакстандагы массалык башаламандыктан каза болгон аскерлердин саны 18ге жетти. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргенин бир катар басылмалар жазып чыгышты.
Министрликтин маалыматында тартипти камсыздап жүргөн күч кызматкерлеринин ичинен 748и ар кандай жаракаттарды алса, каза болгондор 18ге жетти.
Андан тышкары башаламандыктын катышуучусу делинип 2 миң 298 адам кармалганы кабарланат.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.