Казакстандын айрым аймактарында абал туруктуу. Ал эми Алматы шаарында кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, бир катар басылмалар жазып чыгышты.
"Нур-Султан, Шымкент, Акмола, Кызылорда, Түндүк Казакстан жана Түркстан аймактарында абал туруктуу.
Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Мангистау облустарында жолдордун бир нече тилкеси жана бир темир жол тосулду.
Аймактарда милициянын жана Улуттук гвардиянын патрулдук кызматы күчөтүлдү: посттор орнотулуп, тартип бузуучулар кармалууда. Ал эми куралдарын таштабагандар жок кылынат", - деп айтылат маалыматта.