Казак басылмалары Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы отурган учак Бишкекке конгонун жазышты

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин жеке учагы Бишкекке конгондугун Flightradar24 сайтына таянуу менен казак басылмалары жазып, учактын сүрөтүн жарыялашты.

Жарыяланган сүрөттөн Bombardier Global 5000 жеке учагы саат 22:10 чамасында "Манас" аэропортуна конгондугун көрсөк болот. Каттоо номуру 9H-AVA.

Сайттагы дагы бир маалыматка таянсак, учак Бишкек шаарына Абу-Дабиден келди.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-январда Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге таандык делген мындай номурлуу учак Кыргыз өлкөсүнө учуп баратканы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк учактын багыты өзгөргөнү, ал Бишкекке эмес, Балхашка бара жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2022-01-07 00:18:01
Бизге конбой эле койсо болмок экен да. Жаман корунобуз эми
+4
Datka7777
2022-01-07 00:52:37
Сволоч, крыса жан керек болсо качат экенсин го элди таштап
+4
Mirnar
2022-01-07 11:20:38
Акаев, Бакиевти мен качыргам Казахстан аркылуу деп мактанып китеп жазды эле, эми озу Кыргызстан аркылуу озу кантип качканында жазсын окуйлу!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан