Казакстандагы массалык башаламандык, террордук акт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлашат.
Андагы маалыматта айтылгандай, башаламандыкты териштирүү боюнча аймактар аралык тергөө топтору түзүлдү. Тополоңдун катышуучулары эң аз дегенде 8 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле жарандыгынан ажыратылары айтылды.
Митинг тууралуу кыскача:
Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.
6-январда президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.
Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.
Кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев өлкөгө террордук чабуул болгонун, мындан улам Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылууну ылайык көргөнүн айтты.
Кагылышуудан улам ондогон адамдар, аскерлер, тартип сакчылары каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракаттарды алышты.