Алматы шаарындагы Алмалы районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратынын жанында бир нече адам жок кылынды. Бул тууралуу Алматы шаарынын комендантынын расмий өкүлү Салтанат Азирбек билдирген.
"Карасай баатыр көчөсүндө жайгашкан Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратына чабуул жасагандардын мизи кайтарылды. Террорчулар жок кылынды", - деген ал.
Бул атышуудан канча адам жок кылынгандыгы азырынча белгисиз.
Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги куралдарын таштабагандар жок кылынарын билдирген.
Белгилей кетсек, демонстранттар калаадагы курал-жарак дүкөндөрүн, кампаларды басып алашып, айрым аскерлердин, укук коргоочулардын куралдарын тартып алышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.