Казакстанда өкмөттүк имараттарга, аэропортторго жана курал-жарак дүкөндөрүнө болгон кол салуу аракеттери алдын ала кылдаттык менен пландаштырылганын көрсөтүп турат. Бул тууралуу Казакстандын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгү билдирген.
"Башка нерселер менен катар шаардын инфраструктурасына, өкмөттүк имараттарга, аэропортторго жана курал саткан дүкөндөргө жасалган кол салуулар бул аракеттердин баары алдын ала пландалганын көрсөтүп турат", - деп айтылат нотада.
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Кийинчерээк митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.