Казакстандагы кырдаал: Улуттук Гвардиянын эки жоокери каза болду

Казакстанда орун алып жаткан баш аламандыктан Казакстандын Улуттук Гвардиясында кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 5-январда Кызылордада 2002-жылы туулган Мадияр Кайсаров оор жаракат алып каза болгон. Ошол эле күнү Талдыкорганда митингчилер менен кагылышуудан 19 жаштагы Айбат Аманов каза болгон.

Каза болгон эки кызматкер тең Казакстандын Улуттук Гвардиясында кызмат өтөп жаткан.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal10
2022-01-07 10:47:06
Токаев кетсе тополон токтойт..... Аскерлерди да, элди да кырып жаткан Токаев.
+3
Jelezo
2022-01-07 18:54:47
Солдаттарды өлтүрүп жатса атыш керек доканса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан