Алматыда дагы бир нече адам жок кылынгандыгы кабарланды

Аскер кызматкерлери менен атышуудан Алматы шаарында дагы бир нече адам жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Даурен Абаев билдирген.

"Көптөгөн куралчан адамдар жок кылынып, айрымдары камакка алынды. Азыр алардын аты-жөнү такталууда. Калгандарын издөө иштери жүрүп жатат. Алар бир нече жолу борбордук телевидение аркылуу түз эфирге чыгууга аракет кылышкан. Көк-Төбө телемунарасына болгон кол салуулар чек ара кызматкерлери тарабынан эки жолу кайтарылды", - деген Абаев.

Анын айтымында, Алматы шаарында адамдар снайперлер менен куралданган.

Мындан тышкары Даурен Абаев ЖККУнун аскерлери Казакстанда согуштук аракеттерге катышпай тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан