Өкмөт “Мыкты айыл өкмөтү” сынагын жарыялады. Мыктыларды аныктоо үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Алар бир ай аралыгында тиешелүү материалдарды карап чыгышып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.
Комиссиянын курамы:
Нурханбек Момуналиев - КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
Накен Касиев - КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссия төрагасынын орун басары;
Комиссия мүчөлөрү:
Айдай Курманова -экономика министринин статс-катчысы;
Арзыбек Кожошев - каржы министринин орун басары;
Догдургүл Кендирбаева - билим берүү жана илим министринин орун басары;
Касым Чаргынов - эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Эрик Күйкеев - социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Максат Чакиев - маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Дыйканбай Кенжебаев - айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кубанычбек Чойбеков - саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
Шухрат Сабиров - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Жедигер Саалаев - “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору;
Жетиген Бакиров - КРнын Өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу секторунун башчысы.