Кырдаал туруктуу болгон аймактарда өзгөчө абал акырындык менен жоюлат. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылууда билдирди.
Президент кайрылууда тынчтык менен митингге чыккан жарандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн бир катар аймактарында антитеррордук операция уланып жатканын эске салды.
"Кырдаалды турукташтыруу үчүн күч органдары катуу аракеттенүүдө. Алар тапшырылган милдеттерди аткарууга моралдык жана техникалык жактан даяр", - деди өлкө башчы.
Токаев өз сөзүндө ЖККУга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Казакстан ЖККУга жардам көрсөтүүнү жана контингент жөнөтүүнү суранган. Алар өлкөгө колдоо функцияларын аткаруу үчүн кыска мөөнөткө келди. Армениянын премьер-министри, Беларусь өлкөсүнүн, Кыргыз мамлекетинин, Тажикстандын президенттеринин көрсөткөн колдоосу үчүн рахмат. Мен Орусиянын лидери Владимир Путинге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Ал ЖККУнун төрагасынын кайрылуусуна тез жана жылуу мамиле жасады. Мен Өзбекстандын, Кытайдын, Түркиянын президенттерине, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ушул оор мезгилде колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирем", - деди өз сөзүндө Токаев.