Казакстандан качып кеткен банкир Мухтар Аблязов өзүн Казакстандагы митингдин "лидери" деп атады. Бул тууралуу ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде айткан деп жазышат бир катар басылмалар.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Мухтар Аблязов Казакстандын Орусия менен жакындашуусуна жол бербөө үчүн Батыш мамлекеттерин болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө чакырат.
"Аблязовдун айтымында, Алматыдагы демонстранттар андан кандай аракеттерди жасоо керек экенин күн сайын сурап жатышат. Ал ошондой эле нааразычылык акциясы "туура чагылдырылса" Казакстанга убактылуу өкмөттү жетектөө үчүн кайтып келерин айтты. Парижде интервью берген банкир ошондой эле нааразычылык акцияларын координациялоо үчүн батыш өлкөлөрүнөн каражат албаганын кошумчалады. Ошол эле учурда Аблязов республиканын Орусия менен жакындашуусуна жол бербөө үчүн Батыш мамлекеттерин Казакстанда болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Аблязов Казакстандын "Туран Алем Банкынын" мурдагы жетекчиси болгон. Ага карата Орусия, Казакстан жана Украинада кылмыш иштери козголгон. Аблязов алдамчылык, жасалмачылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Казакстанда ага каршы иш 2009-жылы козголуп, андан кийин банкир өлкөдөн качып чыгып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.
2013-жылдын июль айында Аблязов Францияда камакка алынган.
2017-жылы Аблязов Казакстанда мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал кылмыштуу чөйрөнү түзүүгө жана ага жетекчилик кылууга, "Туран Алем Банкынан" акча каражаттарын уурдоо жана аларды мыйзамсыз легалдаштыруу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган.
2020-жылдын декабрында Москванын Таганск соту Аблязовго карата сырттан өкүм чыгарган.