Талдыкорганда СИЗОну басып алуу аракетинен төрт адам каза болду. Бирөө полиция кызматкери

Казакстадын Талдыкорган шаарында СИЗОго демонстранттар кол салуу аракетин көрүшүп, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, тергөө изоляторун куралданган 15 адам басып алмакчы болуп, тартип сакчылары менен кагылышкан. Анын кесепетинен 3 демонстрант каза болсо, дагы экөө жаракат алышты.

Ал эми коопсуздукту камсыздап жүргөн полиция кызматкерлеринин ичинен бирөө каза тапса, экөө жарадар болушту. Учурда СИЗОдо ыкчам тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатышканы кабарланат.

Алматыда антитеррордук штаб түзүлүп, жашоочуларды үйдөн чыкпоого чакырат.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан