Казакстандын ар кайсы аймактарындагы массалык башаламандыктын кесепетинен өрт өчүрүү кызматынын 33 унаасына кол салуу болду. Коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары митингчилер өрт өчүрүүчүлөргө таш ыргытып, аларга каршы ок атышкан деп жазышат.
Маалым болгондой, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 кызматкери ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинде октон жаракат алгандар да бар. 29 өрт өчүрүү техникасы зыянга учурап, 5 унаа толугу менен күйүп кеткен.