Алматыда мародёрлор режиссёр жана музыкант Сакен Битаевди өлтүрүп кетишти

Казакстандык режиссёр жана музыкант Сакен Битаев Алматы шаарындагы тополоңдо мародёрлор тарабынан каза болду. Бул тууралуу казак журналисти Данияр Адилбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, мародёрлор Битаевдин унаасын тартып алууну көздөшкөн.
"Кечээ Алматыда мародёрлор менин досум Сакен Битаевди атып кетишти. Аны менен бирге болгон досунун айтымында, мародёрлор унааны тартып алууну көздөшкөн. Топтошкон адамдар унаанын арт жагынан келип эшикти ача башташкан. Андан соң балдар газ чыгарган. Ал эми мародёрлор качып бараткан унаага ок чыгарышкан. Атылган ок Сакендин өпкөсүн тешип өткөн. Эми ал биздин арабызда жок. Ал эң мыкты режиссёрлордун бири болмок", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал Сакен Битаевдин сөөгүн ата-энеси ала албай жатканын, анткени шаарда милиция кызматкерлери жетишсиз болгондуктан өлүмүнүн себебин документтештирүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин, кылмышкерлер табыла электигин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
raikakyz
2022-01-08 01:30:53
Булар точно эле жинди суудан ичишкен. Айнып калышты.
+9
Fernando_Torres
2022-01-08 02:43:55
Мынакей демократия Америка дегендин жүзү ушул болот булар чегип алган же ичип алган акча үчүн барына даярданган жүрөктө ыйман Аллах деген адам кумурскага да ЗЫЯАНЫ тийбейт ошол дин жетпегендин айынан ушундай түшүнбөстүк болуп жатпайбы
+11
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-08 09:04:38
Машине качканда аркасынан ок чыгарса, кантип эки отургучту тешип анан өпкөгө тиет? Профессионал бекен аткан адам?
+1
heaven2016
2022-01-08 09:19:11
Снайпер менттер аткан. Калпеле элди күнөөлүү көрсөтүү үчүн бул
+2
Tursunbaev1978
2022-01-08 09:39:15
heaven2016,Сен жанында карап турдуңбу,атканда?
-3
Ak_Bulut
2022-01-08 09:43:31
Тазалоо бийлик аткан, элге шылтап жамандап атат
+2
marat-ju
2022-01-08 09:45:54
Сакен не кылып жүрөт ал жерде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан