"4 миңдей жаран кармалып, Алматыда ок атышуу уланууда". Казакстанда 8-январга карата абал

Бүгүн, 8-январга карата Казакстандагы абал тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда террорчуларга каршы операциялар, согушкерлерди кармоо жана жок кылуу уланууда. Жалпысынан 4 миңдей террорчу аталган жаран кармалганын жазышууда. Алардын айрымдары өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. ЖККУнун (ред.: Жамааттык коопсуздук келишим уюму) бейпилдик күчтөрүнүн бөлүктөрү республикага келүүнү улантууда, аскерлердин бир бөлүгү өлкөнүн инфраструктурасын коргоо боюнча тапшырмаларды аткарууга киришти. ЖККУнун Казакстандагы бейпилдик миссиясын генерал-полковник Андрей Сердюков жетектейт.

Алматы шаарында ок атышуу уланууда

Алматы шаарында террорчуларга каршы операция уланууда. Маалыматка ылайык, шаардыктар полиция кызматына шектүү адамдардын тобун аныктоого жардам беришүүдө. Кылмыштуу топтор чакан аянттарда, сейил бактарда жашынып, коюу тумандын болушу милициянын ишин кыйындатууда. Азырынча полиция кызматы митингчилердин арасында канча адам кармалганы тууралуу так маалымат бере элек.

Талдыкорганда СИЗОнун имаратын басып алууга аракет жасалды

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 15 куралчан адам СИЗОнун имаратын басып алууга аракет кылган. Топтун үч мүчөсү каза болду. Калгандары ар кандай оордуктагы жаракат алышты. Полиция кызматынан да жабыркагандар бар: бир адам каза болуп, эки офицер жарадар болгон. СИЗОнун аймагында ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

"Күч түзүмдөрүнүн жана акимчиликтердин объектилерин басып алуу аракеттери болгон. Кагылышуунун натыйжасында полиция менен аскер кызматкерлери жапа чеккен. Террорчуларга каршы штаб түзүлдү. Анын курамына күч структураларынын жана аскер бөлүктөрүнүн бардык өкүлдөрү кирет. Облус боюнча электр энергиясы, суу жана жылуулук менен камсыздоодо үзгүлтүккө учураган жок. Керектүү товарларды саткан дүкөндөр, медициналык мекемелер ишин улантууда", - дейт Алматы облусунун акими Канат Бозумбаев.

Азырынча Казакстандын башка аймактарында абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
PFC-CSKA
2022-01-08 10:03:42
Койчу ай кайданы 4 мин террорист жонокой эле жарандар маалыматты бурмалап бийликке эмне керек болсо ошону эле жазып жатышат элдин ойун озгортуш учун.кудайды карасанар боло 4 мин террорист дуйно жузундо жок. нак террорист бул бийлик причем любой бийлик террорист,айрыкча оз элинин канын суудай кылып токкон казак бийлиги силерге туболук наалат!!!
+26
Gulina00
2022-01-08 10:12:21
Кудай Казахстанды бут эле террорчулар басып кетиппи,карапайым эл олуп жатат ортодо.
+13
Maks_shop
2022-01-08 10:13:09
4 мин террорист дейт ,анда Кыргызстанда 6млн бар турбайбы е
+13
Dalil
2022-01-08 10:14:57
Казак ЖМКсы террорист деп жазса да силер жазбагылачы. Ансыз деле коруп турасынар карапайым эле калк экенин. Же бизде да бийликти террорчулар алмаштырган дегени турасынарбы Супер?
+12
portugalia
2022-01-08 10:31:26
Кулкунду келтиришет да террористтер деп
+9
Rusbayastan
2022-01-08 10:41:31
Ой энееее ошончо да террорист болобу экен.
+7
Shbdn
2022-01-08 11:14:18
Карапайым элге жанагыдай суусундук берип койгонда болбосо кантип жөнөкөй эл милицияларды башын кесип сойуп салат арасындада барда терорисдегендери.Аллахыи тыншчылык эле берчи.
-6
KaGaH
2022-01-08 12:19:16
Shbdn, КНБ нын провакаторлору алар
+7
bond02
2022-01-08 11:15:52
Террористтерге газдын баасынын эмне кызыкчылыгы бар эле?
+7
Sultan22u
2022-01-08 11:57:05
Токаев рекорд койуптурда терорист кармаган боюнча дүйнөдө мындай көп терорист эч ким кармай елек.
+11
fak
2022-01-08 13:11:11
Милициянын башын кесип ыргытса террорист эмей эмне?
-7
Sajakat14
2022-01-08 16:40:40
fak,ишене бересиңерби? Түрмөдөгү зектерин көчөгө чыгарышыптыр. Алар милициянын башын кесип, мородёрлук кылып укмуш шоу кылышыптыр. Жөнөкөй эл андай кылбайтда. Дүйнө сураса кана террорчуларыңар десе ошолорду көрсөтүшөтда. Ансыз түрмөдө отургандарды кайра түрмөгө отургузуп коюшат. Жанагы Арман дикий дегени дагы кайра түрмөгө кетиптир. Бийликте калыш үчүн ушинтип элди, дүйнөнү алдап шоу уюштурушат экен.
+2
Kari
2022-01-08 14:24:37
Кайран гана эл.Эл башыгын да бети жок экен.Оз элин кырдырып,кан тогуп жатып бийликти кармап калат экен да а.Оз элин террорист деп,чындап террорист басып кирсе кайра эле ошол элин салып берет.Озу Нур Отаныга жашынып.Уятсыз,арсыз.
+3
Bishkek-Kg
2022-01-08 22:30:27
Сирия болуп кетпесин абайлагыла. Сирияда да (Рф бийлике жардам берип) борбору Дамск калды, ал жерде Башар отуруп алып, деерлик бүт бардык шаарларын талкалап бүттү, эл Дамаскка жете албай убара. Кзхтангада рф аралашты, эми Токаев Астанада отуруп алып террористтер демиш болуп, эл менен согушуп, башка шаарларын талкалабаса болду)!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан