Александр Лукашенко Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Sputnik Беларусь басылмасы жазып чыкты.

"Алар кечээ, 7-январда телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандагы абалды кеңири талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Кийинчерээк митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rusbayastan
2022-01-08 10:40:23
Сассык саясат
+4
EddieNigma
2022-01-08 10:47:07
Батьканын очкосу жим-жим болуп аткандыр)))
+4
Datka7777
2022-01-08 12:52:41
Бир нерсе болсо эле Кыргызстанды кыпчып отчу созуно! Озунузго эми кимдин боору ачыйт каарыганда. Кутургандан да чеги ушунчалык болор. Борбор шаарга атын койдурду, улуттук банкнотко суротун чыгарды, тируу туруп озуно айкел койдуруп. Туугандары чардап журот Дубайда бекер акчага
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан