Казакстанда мародёрлер ишкерлерге канча чыгым келтиргени белгилүү болду

Казакстанда мародёрлор келтирген чыгымдын болжолдуу суммасы белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тополоңдун натыйжасында бизнес объектилерине келтирилген зыян эсептелип чыкты. Анда чыгым болжол менен 200 миллион долларга жакын экени, 500дөй ишкер жабыр тартканы айтылды. Келтирилген зыяндын көлөмү дагы такталууда.

"Ошондой эле ыктыярчылар муктаж болгондорго гуманитардык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт. Бирок алар өлкөдөгү кырдаал турукташкандан кийин гана ишке киришет. Бул максаттарда борбордо ыктыярчылардын бирдиктүү координациялык борбору түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан