Казакстандагы баш аламандык. ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн канча аскер кызматкери барышты?

Казакстандын аймагына ЖККУга мүчө мамлекеттерден канча аскер кызматкери киргендигин тизмектедик.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн учактары Казакстанга Орусиянын, Беларустун, Армениянын, Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын аскердик бөлүктөрүн жеткирди. Жалпысынан республикада 3 миңдей адамдан турган коалициялык аскер күчтөрү болот.

Кыргыз өлкөсү 150 аскер кызматкерин жөнөттү

Армения 70 аскер кызматкерин жөнөттү

Орусия 2000 аскер кызматкерин жөнөттү

Тажикстан 200 аскер кызматкерин жөнөттү

Беларусь 300 аскер кызматкерин жөнөттү

Жамааттык коопсуздук уюмунан тынчтыкты орнотуу үчүн бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтүүгө болорун белгилешти.

Буга чейин Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылуу жасаган.

"Чынында, бул коркутуу эмес. Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү жана жарандарыбызга кол салуу болуп жатат. Мен сиздердин кызыкчылыктарыңыздарды коргоо үчүн бардыгын жасайм деп ишендирем. Казакстанда иштеп жаткан кылмыштуу топтор ок атуучу куралдар сакталган жайларды басып алып, окуу жайлардын курсанттары менен мушташып жатышат. Алматыда 5 учак уурдалып, аэропортту террорчулар басып алышты. Алматыдагы тополоңго катышкандар чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүшкөн", - деген Токаев.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Кийинчерээк митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2022-01-08 16:56:17
Ээ мен ойлоптурмун бизде да бар экен да ушундай учак деп Корсо орустуку турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан