Актау шаарында 6 күндөн бери токтоп турган коомдук транспорттор ишин жандантты

Казакстандын Актау шаарында бир аптага жакын токтоп турган коомдук транспорттор иштеп баштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, аталган шаарда автобустар 6 күндөн бери, тагыраагы 2-январдан бери каттамга чыга элек.

"Ошондой эле бүгүн шаардык аэропортту ачуу пландалууда, ага баруучу жол акыркы бир нече күндөн бери жабык турган. Аянттын үч тарабы патрулдук унаалар менен тосулган.

Азырынча интернет жок", - деп жазылат коңшу өлкөнүн басылмаларында.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Кийинчерээк митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан