Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку төрагасы Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалып, сотко чейин өндүрүш иштери башталган. Масимов убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, Карим Масимов 6-январда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Ермек Сагимбаев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2022-01-08 13:40:38
Бул жерде Нурсултан менен Касым токаев бийлик талашып атат окшойт.Бүт эле Нурсултандын кишилерин кармап атат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан