Казакстанда кармалгандардын арасында коңшу өлкөнүн жарандары да бар экени айтылууда

Казакстанда ИИМ тарабынан кармалгандардын арасында коңшу өлкөнүн жарандары да бар экендиги айтылууда. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянуу менен казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстанда полиция кызматкерлери 4266 адамды колго түшүрүшкөн. Алардын арасында башка өлкөнүн жарандары бар экени да айтылган. Бирок маалыматта кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга барган аскердик бөлүмдөр коюлган милдеттерди аткарууга киришти. Казак басылмалары жазган маалыматка ылайык, тартылган аскерлер коргоо боюнча гана тапшырмаларды аткарышат.

Кечээ, 7-январда кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KaGaH
2022-01-08 12:47:03
Кыргыздар экен,армандын айтканы чын болуп чыкпаса болду
+4
Artur99
2022-01-08 12:49:37
Дикий Арман туура эле айткан го.
+3
bond
2022-01-08 12:59:48
Жөнөкөй адамдардын мойнуна коюшат эми башка өлкөлөрдөн таярланып келишкен террористер деп башкаларды да жаман көрсөтүп өздөрүн актайын деп жатышат. Эч кандай террористер жок карапайым калк эле. Террорист өзү Назик и Токоев.
+7
Datka7777
2022-01-08 13:01:51
Эми жонокой жарандарга куноону оодарып койгусу келип атабы дагы
+1
kurstan-ali
2022-01-08 13:06:44
Жапайы Армандын думун кайрышты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан