Казакстандагы эң ири банктардын бири тополоңдо каза болгон укук коргоо жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн ар бирине 5 миллион теңге бөлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, банк укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө ар бирине кошумча 5 миллион теңгеден (973 миң сом) бөлүп берет. Буга чейин банк тополоңдо каза болгон аскерлер менен милициянын бардык колдо болгон насыяларын кечээрин билдирген.
БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.