Казакстандын Тараз облусунда атайын операция учурунда террорчу аталган 6 адам жок кылынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерден 7 полиция кызматкери жаракат алып, ал эми башка карапайым элдин арасында жабыркагандар жок.
Азыркы учурда аянтта митингчилер жок жана абал тынч. Казакстанда аба каттамдары жана коомдук транспорттор мурунку калыбында иштей баштады. Учурда интернет байланышын толук кандуу калыбына келтириле элек.
Эске салсак, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.