Нурсултан Назарбаев Казакстанда экени айтылууда

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарында экендиги айтылууда. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибайдын айткандарына таянып, казак басылмалары жазып чыгышты.

"Атайылап жалган жана спекуляциялык маалыматтарды таратпаңыз. Элбашы бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп жатат жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта. Нурсултан Назарбаев Казакстанга өнөктөш мамлекет башчылары менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Элбашы учурдагы кыйынчылыктарды жеңүү жана өлкөбүздүн бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн бардыгын Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө чакырат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2022-01-08 13:47:59
Санкт-Петербургда дешбеди беле. Көрсө бул жакта отуруп алып эле баарын уюштуруп элин аттырып аткан экен да. Кудай албайт бул кишини, алса да айрандай төгүп, шермендесин чыгарып туруп алат. Тооба, тооба.
+4
Gulina00
2022-01-08 14:26:40
Жон эле кетип калышпадыда канчалаган адам олду.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан