Казакстанда 10-январь - Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстанда 10-январь - Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алды.

Тиешелүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Берик Уали.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан