Алматыда 11 жаштагы балага ок тийип каза болду. Бул тууралуу Балдардын укуктары боюнча акыйкатчысы Аружан Саин билдиргенин казакстандык басылмалар жазышты.
"Ата-энеси балдары менен сейилдеп баратканда ок атылып, 11 жаштагы бала каза болду" деген Аружан Саин.
Мындан тышкары дагы бир өспүрүмгө ок тийип, бейтапканада жатканы айтылат.
"7-январда дагы бир кырсык катталды. 15 жаштагы өспүрүм октон оор жаракат алып, Алматыдагы балдар ооруканаларынын бирине жеткирилген. Азыр дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Баланын атасы да ооруканада. Өспүрүм атасы менен унаада бара жатканда алардын унаасына куралчан адамдар ок чыгарган", - деп айтылат маалыматта.