Бишкекте селсаяктар үчүн жашоо шарты түзүлгөн жай иштеп жатат

Бишкек шаарында үй-жайы жок, селсаяктык кылып жүргөн адамдар үчүн убактылуу жашай турган жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу 19-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 
Борбордун Свердлов районунда 40 адам, Асанбай кичи районунда 60 адамга ылайыкталып, жашоо шарты түзүлгөн жай иштөөдө. Аталган жайлар райондук Жашылдандыруу комбинатынын аймагында ачылып, меш, ажаткана, жуунуучу жай сыяктуу шарттар түзүлгөн. Мындан сырткары  күн сайын кечинде ысык тамак берилет. Ошондой эле мончо жана чачтарачка алпаруу пландаштырылууда. 
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, 4-10-ноябрь күндөрү «Селсаяк» аттуу рейд өткөрүлүп, анын натыйжасында борбордун үй-жайсыздар жайына жана ооруканаларына 428 туруктуу жашаган жери жок адамдар жайгаштырылган. Алардын 28и аялдар. Белгилей кетүүчү нерсе, селсаяктардын саны жыл сайын көбөйүп, мындай адамдардын курагы жашарууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан