Эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин эскертүүсүз ок атуу буйругун тез арада жокко чыгарууга чакырды

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Казакстанды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен Казакстандагы кырдаалга абдан тынчсыздануу менен көз салып турам. Жарандардын укуктары жана коопсуздугу приоритет катары кепилдениши керек жана мен зордук-зомбулукту токтотууга чакырам. Евробиримдик кырдаалды турукташтыруу үчүн керектүү жардамды берүүгө даяр", - деген Урсула фон дер Ляйен.

Ал эми эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму казак бийлигин бир нече өлкөдө жүргүзүлгөн террорчуларга каршы операциялардын алкагында коопсуздук күчтөрүнө берилген эскертүүсүз ок атуу буйругун тез арада жокко чыгарууга чакырды. Уюмдун бул боюнча расмий билдирүүсүндө бул чаралар "Казак элинин жашоого болгон укугун сыйлоо жана коргоо боюнча эл аралык укуктук милдеттенмелерин бузат", - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Palpa
2022-01-08 17:52:38
Ушул укук когоочулар жадатат да. Эмне аскер кызматкерлердин баштарын кесип жатышканда каяка коз салып отурушту экен.Же алардын жашоого укуктары жок бекен.Кок мээлер.
+1
Fernando_Torres
2022-01-08 19:58:07
Palpa, ушундай саясат деген болот шайтандын эле ойуну тез арада деп түштөн кийин чыгып аларда шарманда кылып адамды дин бузар булар дагы көп жолу чыгат
-2
Ak_Bulut
2022-01-09 08:09:49
Туура , эскертүүсүз ок чыгарганды токтотсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан