Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинде иштеп жатат. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы атайын кызматтын маалыматына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, журналисттерге Улуттук коопсуздук кызматында Самат Абиш баш болгон эки биринчи орун басары бар экени айтылган.
Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш Алматыда кармалганы айтылган. Кийинчерээк атайын кызматтан бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдиришкен.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.