"Башына ок тийген". Алматыдагы баш аламандыкта 4 жашар кыз каза болду

Алматыдагы баш аламандыкта 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Айдос Мелдихандын 4 жаштагы кызы Коркемайга 6-январь күнү кечинде унаада келе жатканда ок тийген.

Кыздын атасынын айтымында, алар азык-түлүк алууга чыгып, аянттын жанынан өтүшкөн. Унаанын ичинде бир тууганы жана анын эки баласы болгон. Алар жаракат алышкан. Анын бири 9-класстын окуучусу, ал учурда жандандыруу бөлүмүндө. Коркемайдын башына ок тийген. Кыздын атасы белгилегендей, балдарды ооруканага бир тууганы жеткирген.

Эскерте кетсек, буга чейин Алматыдагы баш аламандыкта 11 жаштагы бала каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ansar
2022-01-08 18:37:53
Окмот аттыда
+3
Antiradikal10
2022-01-08 19:09:13
Эн биринчи ата-энелери куноолуу. Аянтта цирк болуп жаткансып аянт жакка айдашат, суутуп койгонсуп. Тиги ырчы рэпер да озу куноолуу. Аянтта атышуу болуп жатса, аянт жакка унаасын айдап барган озу акмак да.

Абал курчуп атышуулар болуп жатканын Алматы эмес, башка олкодогу элдер кабар таап жатканда, унаасы менен аянт жакка айдоо жеткен акмакчылык эмеспи?
+18
Danysh1
2022-01-08 19:20:41
Antiradikal10, Аллахка шугур кичине болсо да туура жазып сын оноло баштагансынбы деймда же тушуно айян бердиби онураак жазчы деп
+14
Mister-XXX
2022-01-10 03:30:16
Danysh1,Жапаров менен Ташиевди күнөөлөбөй жазыптыр ээ...Башына чыбык сындырып коюш керек экен...
0
basyz-kaman
2022-01-08 20:02:22
Antiradikal10,Туураны туура деш керек.
+3
URTI
2022-01-09 10:58:31
Antiradikal10,оо Антишка илибой жакка пикир калтырып азамат!
+1
ainura220888
2022-01-08 20:28:49
Бышырып кобптурбу ушундай тополондо балдар менен магазинге. Цирк болуп аткансып аянт жака барса ошондой болотда. Биринчиден бул ата энесинин шалакылык менен оз балдарынын жашоосун коопсуздук камсыз кыла албагандыгы. Бала уйдо отурса деле продукты келетда. Уйдун жанындаго продуктовый магазиндер.
+4
33SUUN
2022-01-09 00:02:36
Токаев куноолуу ушунун баарына! Анын козуно кочодогу жаш балдар дагы террорист корунуп калган азыр.
+3
Ak_Bulut
2022-01-09 08:14:28
Кыбыр эткен жанды бүт атып аткан окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан