Алматынын Райымбек айылынын четинде кагылышуу орун алганы айтылууда

Алматынын чет жакасында, тагыраагы Алматы-Бишкек жолунун боюнда кагылышуу болгонун Sputnik Казакстан басылмасы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен Телеграм каналына жарыялады.

Маалыматта кагылышуу Райымбек айылынын тегерегинде болгону айтылган.

Кийинчерээк аталган басылма жогорудагы маалыматты ИИМ тастыктабаганын жазып чыкты.

"Казакстандын Ички иштер министрлиги Райымбек айылынын аймагында болгон кагылышуу тууралуу маалыматты тастыктаган жок", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан