Караколдо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата “Достук кербени” уюштурулат

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата Каракол шаарынын мэриясы 50 миң сом бөлдү. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Гүлнара Орозова билдирди. Бөлүнгөн каражат “Достук кербенин”  уюштурууга багытталат.  
Ага бир нече кичи автобус жана автоунаалар катышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн облустагы кызыктуу жерлерди көрүүгө шарт түзүлөт. 20 миң сомдун тегерегиндеги каражат муктаждыгы күч болгон майып балдарга жардам катары берилет. 
“Жалпысынан шаарда 600 майып бала бар. Бир учурда бардыгына жардам берүү кыйын. Кезеги менен жардам берип жатабыз”,- деди Орозова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан