Пакистандын түндүгүндө Мурри курорттук шаарына жакын жерде калың жааган кардын кесепетинен 21 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында тогуз бала бар. Пенджаб аймагында калың жааган кардан улам туристтер 8-январга караган түнү жолдо тыгында калышкан. Көпчүлүгү унааларынын ичинде көз жумушту.
Пакистандын ички иштер министри шейх Рашид Ахмад миңдей унаа тоолуу жолдо турганын жана түн киргенде куткарылары күтүлүп жатканын билдирди. Жергиликтүү бийлик аймакка өзгөчө абал режимин киргизди.