Казакстанда баш аламандыкта 5 миңден ашуун адам кармалды

Казакстандагы баш аламандыкта 5 135 адам кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, тоноо, бейбаштык жана уурулук фактылары боюнча 125 сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ошондой эле Тургумбаев баш аламандыкта 400дөн ашык унаа талкаланганын, алардын ичинен 346сы полиция кызматына тиешелүү экендигин кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан