Баш аламандык орун алган Казакстандын бүгүнкү күнгө абалы айтылды

Казакстандын бардык аймактарында абал туруктуу. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Анын айтымына караганда, укук коргоо органдары басып алынган бардык административдик имараттарды бошотушту. Ал эми коммуналдык чарбанын иши калыбына келтирилип жатат.

издерди сабырдуу болууга жана өзгөчө террордук операциялар жүрүп жаткан жерлерде сак болууга чакырам. Чагымчылдыкка алдырбагыла, бардык шектүү фактыларды жана адамдарды полиция кызматына билдиргиле", - деген министр.

Буга чейин министр баш аламандыкта 5 миңден ашуун адам кармалганын айткан.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан