Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибайга таянуу менен жазып чыкты.
"Кырдаал абдан оор болчу. Ошондон улам Элбашы баш аламандыкта мамлекет башчысы ыкчам, катуу чечимдерди кабыл алууну талап кыларын жакшы түшүнгөндүктөн кызматты өткөрүп берүү чечимин кабыл алды", - деген ал.
Мындан тышкары Укибай социалдык тармактарда Назарбаев тууралуу чагымчыл маалыматтар тарап жатканын кошумчалап өткөн.
"Азыркы шарттарда биз мындай жагдайды саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана мамлекеттин конституциялык негиздерин бузуу аракети катары баалайбыз", - деген ал.
Маалымат үчүн:
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.
Буга чейин Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевдин милдетин аткаруу кызматына киришкенин белгилеген. Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарында экендиги маалымдалган. Кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу 10-январь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.