Казакстанда мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган 300дөй куралчан адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин билдирүүсүнө таянып, казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардан ок атуучу куралдар, уурдалган мүлктөр, анын ичинде уюлдук телефондор, улуттук жана чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар алынган.
"Мамлекеттик чек арадан унаа менен жана жөө өтүүгө аракет кылган 300дөй адам кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле 6-7-январь күндөрү демонстранттар Тараз жана Талдыкоргон шаарларында кылмышкерлер жайгашкан СИЗОну куралдуу басып алууга аракет жасашканы жана мындай аракеттердин бардыгына полиция кызматы тарабынан бөгөт коюлганы маалымдалат.
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Мындан улам коңшу өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.