Казакстандын Шымкент шаарындагы тополоңдо 45 полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 45 полиция кызматкери кызмат учурунда денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен оор жаракат алган эки кызматкер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышып, учурда атайын палаталарга которулду.
"Шымкент шаарында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баш аламандыктын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында полиция кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Мындан тышкары Улуттук гвардиянын жана Коргоо министрлигинин жоокерлери, Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери тартылган. Аларга шаардын миңге жакын тургуну жардамга келишкен. Ушул аралыкта колдоо көрсөткөн жарандарга терең ыраазычылык билдирем", - деди Шымкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Ералы Жумаханбетов.
Ошондой эле ал шаар аймагы толугу менен тартип сакчыларынын көзөмөлүндө экенин жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирип, шаар тургундарын коменданттык сааттын талаптарын так сактоого чакырды.
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Мындан улам коңшу өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.