Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео жарыяланды.
Видеодо жаран 2-январда Кыргыз өлкөсүнөн учуп келгендигин айткан.
"1-январь күнү мага белгисиз адам байланышка чыгып, митингге катышуу сунушун айтып, ал үчүн 200 доллар берерин айтты. Мен Кыргыз өлкөсүндө жумушсуз болгондуктан, макул болдум. Алар мага билет сатып беришти. 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти. Ал жерде Өзбекстандын, Тажикстандын дагы жарандары бар болчу. Бирок алар эмне жөнүндө айтып жатышканын түшүнгөн жокмун.
Митинг башталганда коркуп батирге келдим. Кийинки күнү үйгө кайтууну чечтим жана Самсы айылында (ред.: Жамбыл районундагы айыл) укук коргоо кызматкерлерине кармалдым", - деген видеодогу жаран.
Ошондой эле ал келген батирде 10го чукул адам болгондугун кошумчалаган.
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Мындан улам коңшу өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.