Казакстанда баш аламандыкта канча адам каза болгону айтылды

Казакстандагы баш аламандыкта 164 адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасынын Телеграм каналына жарыяланды.

Алардын ичинен:

Алматыда - 103 адам, анын ичинде 2 бала бар.
Кызылордо облусу - 21 адам
Жамбыл облусу - 10 адам
Алматы облусу - 8 адам

Ал эми 2 265 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rafo80
2022-01-09 18:09:53
Бул туура эмес маалымат болсо керек. Өтө эле көп өлдү окшойт .
+15
Datka7777
2022-01-09 18:14:23
Кырып эле салды
+10
dasta
2022-01-09 18:47:43
Ооба туура емес малымат коп еле олду болуш к.к
Бийлиги жащыратта конечно....
+8
Ak_Bulut
2022-01-09 18:54:36
Арткы бир нолдү алып койду го
+6
CAPATAH
2022-01-09 18:54:38
Расмийи ушунча,бейрасмий баланча мин уже
+7
mariolan
2022-01-09 19:01:09
500-1000 ортосу болсо керек
+1
Antiradikal10
2022-01-09 19:21:22
200-300 арасы как минимум.
0
bond02
2022-01-09 20:01:39
Так маалымат бербейт да баары бир.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан