Казакстанда кармалды делген Захир Убуровдун агасы: "Видеодогу адам иним эмес"

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Казакстандын укук коргоо органдары белгилүү кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдиришкени Казакстандын жергиликтүү Телеграм-каналына жарыяланган.

Алардын айтымында, кармалган жаран 1990-жылы туулган Закир Убуров.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Закир Убуровдун бир тууган агасы видеодогу жаран иниси эмес экендигин айтып чыкты.

"Закир Убуров менин иним болот. Ал жарым жылдан бери Алматыда базарда идиш сатып иштейт. Эки ай мурун Кыргыз өлкөсүнө келип кеткен. Видеодогу жаран ал эмес", - деди анын бир тууган агасы Тахир Юбуров.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kari
2022-01-09 20:38:49
Уялышпай айыпты коншу олкодон барган мигрантарга жуктогону жатышабы?Бети жоктор.
+22
nargiz-sa
2022-01-09 21:02:07
Кимди кармап сүйлөтүп алганын билбей облом болуштубу?
+16
erkegenje
2022-01-09 21:30:24
Ал эмес болсо телефон чалып корбойбу инисине
+4
Baatirbek81
2022-01-09 21:51:56
Антирадикал ичип кетет эми!
Наалып атып!
+7
Danysh1
2022-01-09 22:20:06
Менде бир ой келди балким казак менен кыргызды уруштурушу учун бир терор атайын жасагандыр коркутуп терен ойлосонор туугандар балким террордун колундадыр ачууга алдырбайлы
-6
Samina007
2022-01-09 22:42:37
Мына эми казак кыргыз бир тууган дейт элек. Боор ачысаң боорго тебет. Кырып эле ташташ керек эле буларды.
+8
Noon
2022-01-10 01:26:09
Бир уйгур учун жаман эле болдунар го
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан