Казакстандагы баш аламандык: Президент Касым-Жомарт Токаев күнүнө 2 гана саат уктаганы айтылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январда Жаңы-Өзөн шаарында башталып, 4-январдан баштап бүтүндөй өлкөдө башталган нааразычылык акцияларынан улам күнүнө 2 гана сааттан уктаган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Ачыгын айткым келет, Касым-Жомарт Кемелевич Токаев 4-январда Мангыстау облусундагы митингдер масштабдуу болуп, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып кеткенден бери Акордада өзүнүн иш ордунда. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн эң чечкиндүү чараларды көрүп, өлкөнүн башкаруу пультун колуна кармап турат.

Өлкө башчысы бардык аймактарда акырындап конституциялык мыйзамдуулук калыбына келтирилип жатканын айтты. Ошондуктан өлкө үчүн оор мезгилде интенсивдүү иш тартибинде уктоого убакыт табуу абдан кыйын экенине ынандым. Менин оюмча Касым-Жомарт Кемелевич бул убакыт аралыгында орточо эсеп менен күнүнө 2 сааттан гана уктады", - деген ал.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында наарзычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aimani
2022-01-10 09:52:32
Тынч уктагысы келсе ордун бошотуп бербейби
+9
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-10 09:53:53
Баарын баштаган өзү! Назарбаевти кетирип, бийликти толук алыш үчүн лжереволюция уюштуруп, өзү жеңип чыкты. Эрдоган да ушинткен бир убактарда!
-1
Marni
2022-01-10 12:18:14
TIMON_BERKOWITZ, 100%.
+2
Palpa
2022-01-10 10:28:59
Олко башкарган Адам тынч убактарда да аз укташ керек.Тополон башталганына бери Токарев эле эмес бутундой казак туугандардын уйкусу касты окшойт
+2
Palpa
2022-01-10 10:30:15
Бир аз каталар кетиптир кечиресиздер
+1
asad9
2022-01-10 11:16:04
Апыртып эле жүрүшөт. Адам уктабаса өлүп калат. Тем более уйкусуз калган адам иштей албайт
-3
Senator
2022-01-10 11:40:22
Ото кот президент экен оз элин аттырган
+7
Tatu_8889
2022-01-10 12:28:39
Уяты,намысы жок эркек экен.оз элин аттыргандан кийин конесно уктай албайт да,кан уктатпайт Токаев
+3
Kari
2022-01-10 14:17:40
Тогулгон кандар уктатпай эле койсун.Уйкуга зарлап эле калсын.Канча уй було озумчул бийликти деп кара кийууго туура келди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан