Алматы комендатурасынын маалымат борбору 10-январда шаардагы кырдаалдын кыскача маалыматын берди.
Комендатуранын маалыматы боюнча, төмөнкү тилкелер митингчилерден тазаланды: Саин – Райымыбек, Карьерная – Жандосов көчөлөрү, Абай – Достык, Аль-Фараби – Желтоксан көчөлөрү.
Алматыда жалпысынан теракт, талап-тоноо жана башка кылмыштардын 508 катышуучусу кармалды. 22 ок атуучу курал жана 1412 ок-дары алынган.
Өткөрүү пункттарында 56 адам жана тогуз унаа кармалган. "102" консолуна 1021 билдирүү келип түшкөн.
Комендатуранын колл-борборуна жарандардан ыкчам чара көрүүнү талап кылган 525 сигнал келип түшкөн. Бардык билдирүүлөр иштетилди.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.