Бүгүн, 10-январга карата Казакстандагы баш аламандыктан келтирилген зыяндын көлөмү 215 миллион доллардан ашканын өлкөнүн “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасы билдирген.
"10-январь күнү саат 09:00гө карата келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 93 миллиард 700 миллион теңгеден (анын ичинен Алматыда - 92 миллиард 200 миллион теңге) ашты", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 9-январда өлкөдө тополоңдон келтирилген зыяндын көлөмү 212 миллион долларга жеткен болчу.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.